www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист, “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин түштүк аймагы боюнча координатору Роза Маманова фейсбуктагы өздүк баракчасына “Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутман Турсункуловтун пара менен кармалган жер адиси соттолуп, кызматынан четтетилсе да, мыйзамга карабастан бүгүнкү күндө аталган адисти иштетип жатат.

Демек, Кутман Турсункуловтун ишенгени барбы? Эмнеге мыйзамды тепселейт? Прокуратура булардын канчалаган кылмышын жаап турабы?” деп жазды. Ал соттолгон адамдын кабинетине чейин кирип барып, соттолгонун айтып, буга ким жол бергенин сураганда, ал "Мен өкмөткө баш ийем" деп жооп берген. Cоттолгон адамды кайра ишке алып келип, ага кайра кызмат бере береби, буга ким жол берип жатат ж.б.д.у.с суроолор жаралбай койбойт...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости