www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмаз» радиосуна 25 жыл…

Таң булбулундай сайрап таң эрте ойготуп, кечинде бейпил түн каалаган радио берүүлөр жергебизде ондоп саналат. Ошолордун ар биринин тарыхы, баскан жолу жана өз угармандары болот эмеспи. Бири-бирине окшошпой, ошол эле убакта бири-биринен алдыга озуп калктын керегине жароого умтулган радио станциялардын көп болгону албетте жакшы жөрөлгө. Мына ушундай өз угармандары бар, калкка көп жылдардан бери өз кызматын көргөзүп келе жаткан радиолордун бири “Алмаз” радиосу.  “Аалам хиттери биздин толкунда”-деген ураан менен иш алып барган бул радионун 25жылдык тарыхы бар. Учурда жетекчиси Кошмуратов Рустам Гафарович аталган радиону түзүп, ошондон бери жетектеп, үзүрлүү иш алып барып келет. Жергебиздеги башка радиолордон айырмаланып турган бул радионун “ички ашканасы” жөнүндө билгиңиз келсе анда назар салыңыз.

-Роза, жыйырма беш жылдык кечеңерди кайсыл жерде өткөрөюн деп турасыңар?

-Борбор калаабыздагы “Ташрабат” соода копплексинде өткөрөлү деп чечтик. Учурда иш-чарабызга кызуу даярданып жаткан учурубуз, эфирге чыгып, андан соң уюштуруу жагына көнүл бөлүп, айтоор кантип убакыт өтүп жатканын билбей калуудамын. Буюруса эң жогорку денгээлде өтөт деп ишендирип айтып кете алам. Кечебизге белгилүү ырчы, бийчи, тамашоу айтоор маданият инсандары келишет жана көптөгөн оюн-зооктор уюштурулуп, баалуу белектер ыйгарылат. Андыктан шар тургундарын 15-июнь күнү саат 14:00гө “Ташрабат” соода комплексине чакырабыз!

-Абдан жакшы! Эми айтсаң, негизинен фонетикаңарда кандай ырлар басымдуу кылат?

-Биздин угармандарыбыз, аудиториябыз көбүнчө жаштар болгондуктан, кайсы тилде болбосун заманбап музыкаларды жаңыртабыз. Ал эми жай жана фольклордук ыргактагы ырлар кетпейт.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости