www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмаз» радиосуна 25 жыл…

Таң булбулундай сайрап таң эрте ойготуп, кечинде бейпил түн каалаган радио берүүлөр жергебизде ондоп саналат. Ошолордун ар биринин тарыхы, баскан жолу жана өз угармандары болот эмеспи. Бири-бирине окшошпой, ошол эле убакта бири-биринен алдыга озуп калктын керегине жароого умтулган радио станциялардын көп болгону албетте жакшы жөрөлгө. Мына ушундай өз угармандары бар, калкка көп жылдардан бери өз кызматын көргөзүп келе жаткан радиолордун бири “Алмаз” радиосу.  “Аалам хиттери биздин толкунда”-деген ураан менен иш алып барган бул радионун 25жылдык тарыхы бар. Учурда жетекчиси Кошмуратов Рустам Гафарович аталган радиону түзүп, ошондон бери жетектеп, үзүрлүү иш алып барып келет. Жергебиздеги башка радиолордон айырмаланып турган бул радионун “ички ашканасы” жөнүндө билгиңиз келсе анда назар салыңыз.

Элизат Шыгайбекова: “Толкундоолор көп эле болот”

-Түз эфирде толкундоолор болсо керек ошондогу кызыктуу окуядан бирди айта кетсен...

-Ооба мен жаны иштегендиктен толкундоолор коп болот, ошолордун бирине токтоло кетсем. Ал учурда оюн ойнотуп жаткан учур болчу, анан мен суйломокмун соз таппай калып Нурай эже суйлоп улантып кетти анан микрофон очо электе эле музыка кетире беринизчи болунуз деп суйлоп салганым эсимде. Бул окуяны эч качан унутасам керек.

-Ишиңден рахат аласынбы же жөн гана убакыт өткөзүү үчүн гана жүрөсүңбү?

-Кесибимен рахат алам анткени өзүм сүйгөн кесип ошол эле учурда угармандар менен жылуу мамиледе болуп жакшы мыкты диджейлердин катарын толуктасам деген максаттарым бар.Чынын айтканда убакыттын кандай өткөнүн билбей калам.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости