www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Первоуральск шаарында Ания аттуу 6 айлык наристе, энесинин эмчегин эмип жатып уктап калды жана бир жумадан бери тынымсыз уктап жатат.

Бул боюнча ооруканага алып барылган баланын эмне себептен мынчалык уктаганы билинбей жатса, дарыгерлер бул абалга чара издеп жатышат.

Апасы Александр Метьелкина: «Уктап жаткан сулуу жомогу оюма түшүүдө. Ал жерде да бир ханбийке уктап калат жана эч ким аны ойгото албайт. Ания да бир күнү  эмип жатып уктап калды жана ойгонгон жок. Эң биринчи комага түштү деп ойлодум, бирок дарыгерлер баламдын уктап жатканын айтышты. Ооруканага барганыбызда да бираз ойгонуп тамак сурады. Үйгө алып келдик, бирок дагы уктап калды жана аны ойготкон жокпуз»,-деди.

Баласынын бир канча саат гана ойгонуп тынымсыз уктаганын белгилеген Матьелкина буларды айтты: «Ойгонгондо бети кызарып, денесинин температурасы көтөрүлөт жана титирей баштайт. Дарыгерлер Аниянын уктап жатканда жүрөк ритминин өтө акырындаганын аныктады. Бирок эмне болгону так белгисиз. Биринчи менингит же энцефалит деп ойлошту. Бирок анализдер мээнин жана нерв системасынын жакшы экенин көрсөттү. Жүрөгүн да текшерип көрүштү, ал да нормалдуу экен. Бир канча анализ алынды, генетикалык тесттер да. Бирок бардык анализи жакшы чыкты. Доктурлар эң аягында эпилепсиянын башталгычы экенин белгиледи, бирок анализде муну да көрсөткөн жок».

Метьелкинанын айткандарына караганда уктап жатканда тамак-аш жебеген жана заара кылбаган баланын денесинин температурасы болсо нормалдуу болгон 37 градустан 35ке түшүүдө.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости