www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети КР Презинденти тарабынан КР Башкы прокурорлугуна сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралып жатат. Жыйындын Жүрушүндө депутат Зарылбек Рысалиев, 2010-жылы жокко чыгып кеткен вексель боюнча үн катты. 

Алсак өткөөл мезгилдин президенти болуп турган Роза Отунбаеванын Аппаратын жетектеп турган маалда Баш прокурорлук кызматка келген Аида Салянова менен жең ичинен ири суммадагы акча каражатын бөлүшүп турчу экен. Кубатбек Байболов баш прокурор болуп турганда Казакстандын жаранына тиешелүү болгон чет элдик векселдерди мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Векселдин суммасы 3 млрд 700 млн АКШ долларын түзгөн. Бул өтө оңбогондой чоң сумма экени белгилүү. Бул боюнча кылмыш иши ачылганы менен аны Байболов аягына чыгара албай калган. Себеби анын ордуна Аида Салянова келип конгон. Ал келери менен эле кылмыш ишин жасалма жол менен алсыздандырып, өзгөчө далилдер базасын алсыздантып, ишти сотко өткөргөн. Биринчи инстанциядагы соттун чечими боюнча бул векселди Кыргызстандын пайдасына өткөрүп алуу чечилген. Бирок соттун кийинки инстанциялары аны кайра Казакстандын жаранына кайтаруу чечимин чыгарышкан. Бишкек шаардык прокуратурасы соттордун чечимине каршы өтүнүч менен кайрылган. Бирок Салянова бул апелляцияны кайтарып алган. Ошондон кийин Салянованын тапшырмасы боюнча вексель боюнча ишти караган тергөөчү жеке өзү баалуу кагаздарды Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына жеткирип, ээсине берген. К. Байболовдун айтымында мындай тапшырманы өткөөл мезгилдин президенти болгон Роза Отунбаева өзү берген экен. Байболов Бишкек шаардык прокуратурасынын өтүнүчүн эмнеге кайра кайтарып алганына азыр деле түшүнбөйт. Түрдүү айтылган кептерге караганда ал векселдер түрдүү рыноктордо баалуу кагаз катары эсептелген. Казакстандын улуттук банкы аркылуу да баалуу кагаз болуп эсептелген.

Айрым маалыматтарга караганда бул векселдин суммасынын Салянова менен ошол убактагы президенттик аппараттын башчысы Э. Каптагаев бир нече процент «доля» алышкан. 3 млрд доллардан ашуун каражаттын бир нече проценти бул жетишээрлик чоң сумма экенин эске алып коелу. Ошондо Салянова менен Каптагаев биргеликте кыңыр иштерди жасап келишкен болобу? Азыр да позициялары бир нукта болуп жатканы ушундан эмеспи?... Бул тууралуу маалыматты Эгемен сайты бир нече жолу жазып чыккан.

Эми векселдин тагдырын Баш прокурорлукка кадам таштаган Өткүрбек Жамшитов, өткүрлүгүнө салып ачыкка чыгарабы же жокпу күтө туралы. Кызыктар алдыда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости