www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерине үч миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) механикалык көчмө колоннасынын башчысы И.Ю. кармалды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык акча каражаты кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана колдонууга берилген мүлктү максатсыз колдонуу фактылары боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгын оңуна чечип берүүгө жумшалган.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси ("Пара берүү") менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости