www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Румыниянын Тимишоара шаарындагы төрөтканада 10 жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Румыния бийлиги Тимишоара шаарындагы төрөтканада 10 ымыркайдан коронавирус аныкталганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Наристелердин биринин да энесинде вирус жок болгондуктан, ал жактагы кызматкерлер жуктурушу мүмкүндүгү айтылууда.

Эске сала кетсек, буга чейин өлкөнүн жергиликтүү басылмалары оорукананын бир нече кызматкерлеринен коронавирус аныкталганын жазышкан. Укук коргоо органдары убагында кызматкерлер изоляцияга алынганбы-жокпу, алар менен байланышта болгон кесиптештери текшерилгенби, ошол боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Румынияда медицина кызматкерлеринин массалык түрдө коронавирусту жуктуруп алуусу чоң көйгөй жаратууда. 8-апрель күнү кызматкерлеринин көбү коронавирус менен ооруп калганынан улам дагы бир оорукана жабылган.

Акыркы маалыматка боюнча, Румыняда 5 миңден ашык бейтап коронавирус жуктурган жана алардын 220дан ашыгы каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости