www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантин айдоо иштерине керектүү шаймандарды алып келүүгө тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу  бүгүн, 10-апрелде Москва районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын чарба иштери боюнча башчысы Асылбек Нурбеков NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кылкандуу дан ээгиндерин айдоо иштери аяктады. Калган жумуштар кар жааганга байланыштуу токтоп турат.

"Кар жааганга чейин айыл чарба жумуштары өз убагында, өзгөчө кылкандуу дан ээгиндерин айдап, себүү соңуна чыкты. Ал  эми дыйкандарыбыз карантин учурунда шаарга барып, керектүү шаймандарды, минералдык жер семирткичтерди, үрөөндөрдү алып келүүгө бара албай, бир аз убакыттан уттуруп жатышат. Учурда техника менен себүү иштери жүрүп жаткан. Кар жааганга байланыштуу, күн ачылганга чейин талаа иштери токтоп турат го деп ойлоп атабыз. Калганы өзүнүн жолу менен жүрүп жатат" -деди Асылбек Нурбекович.

Мындан тышкары, ал райондо баардыгы 1492 гектар жерге буудай, 12422 гектар жерге арпа эгилгенин  кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости