www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду вирустун илдеттери жайылган аймактарга жардам жүктөрдү таратууну кайрадан улантып жатат.

Учурда аталган фондунун жардам жүктөрү Райым Матраимовдун колдоосу, Искендер Матраимовдун уюштуруучулугу менен Ош областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине берилген.

Маалыматка ылайык, 9-февралда "Исмаил Ата" кайрымдуулук фондунун соопчулук жолундагы гуманитардык жардам берүү кербени Ош областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине тапшырылган.

Анда "Исмаил Ата" фонду тарабынан 25 тонна же 500 кап ун, гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле "Исмаил Ата" фонду өзгөчө кырдаалдар киргизилип, комендаттык саат учурунда ички иштер кызматкерлери, элибиздин коопсуздугун сактоодо өзгөчө кызмат көрсөтүп жатышат деп баса белгилеген.

"Ички иштер кызматкерлеринин жооптуу жана оор кызматтарына ден соолукту жана амандыкты, кажыбас кайраттуулукту, ак эмгекти  каалайт",- деген ""Исмаил Ата" фонду".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости