www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Абасовдун өлүмүнүн сыры ачылат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Урматбек Самаев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча кылмыш иши качан аягына чыгат деген маселени көтөрдү.

Депутат министрден бул ишти ачууга эмне тоскоолдук болуп жатканын сурады. Бул боюнча Кашкар мырза: «2016-жылы мен министр болуп турганда иш алып барганбыз. Ошол жылдын аягына чейин кылмыш иш боюнча изделип жаткан кишилер кармалмак. Мен министрлик кызматтан кеткенде бул иш токтоп калган экен. Ишти кайра көтөрүп жатабыз», — деп билдирип, бул ишти аягына чыгарууга убада берди.

Эске салсак, Руслан Абасов 2014-жылы Токмок шаарындагы үйүнөн чыгып, машинасына отурган кезде отургучтун алдынан жардыруучу зат жарылып, ооруканага жетпей каза тапкан. Анын жанындагы жубайы да оор жаракат алып, аман калган эле.

Булак: Фабула  

Последние новости