www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы кезде түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунан эбегейсиз суммадагы акча желгени коомдо кызуу талкууланып жатат. Айрым маалымат булактарында бери дегенде 600 миллион доллар кумга сиңген суудай жок болуп кеткени жазылууда.
Эксперттер жолдун баасы Ош-Бишкек жолуна караганда жаңы салынып жаткан жол эки эсеге кыска болгону менен тескерисинче каражат эки эсеге көп жумшалып жатканын шардана кылууда.
Бул кыңыр иштин артында мурдагы транспорт министри Калыкбек Султанов менен азыркы министр Жамшитбек Калилов турат деген пикирлер арбын айтылып жатат.
Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев жетектеген депутаттык комиссия аталган жол курулушун иликтемей болууда.
Булак: Фабула