www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык соту кечээ зордуктоого шектелип кармалган спортчуну бир айга камакка алууга санкция берди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Ош милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аны менен кошо кылмыштуу топтун мүчөсү деген дагы бир адам кармалып, ал эки ай камакта жатмай болду.

Ош шаарында ММА мушкери, 24 жаштагы жигит зордуктоого шектелип кармалганы ишемби күнү белгилүү болгон. Анын шериги уюшма кылмыштуу топтун 23 жаштагы мүчөсү экени айтылган.

Алар 25 жаштагы аялдын арызы менен 30-июнга караган түнү колго түшкөн.

Милициянын маалыматына караганда, шектүүлөр буга чейин эс алуучу жайлардын биринде эки адамды сабап, биринин жаагын сындырган, экинчиси жеңил жаракат алган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү") менен кылмыш иши ачылган. Ага кошумча 129-берене ("Зордуктоо") менен да кылмыш иши козголгон - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости