www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздү ЕАЭБге киргиздиңерби, кызыкчылыгын коргогонго эркиңер, билимиңер жетпейби? Жигули мингиле. Мындай пикирди жарандык активист Руслан Акматбек айтты. 

--"Бийлик, экономиканын абалы абдан начар, кыйынчылык, кымбатчылык каптады. Тез арада өзгөчө абал киргизиш керек. Дакансалары менен кошо "дүйнөлүк кризис, пандемия" деп актанып коюп, 60 миллион сомго жаңы машине алам дегени кандай?

Эми бул үй-бүлөдө балдар кыйналып, жегенге тамак, кийгенге кийим жок, дарыланганга шарт болбой жатса, атасы велосипед алып, бир жыргайын, дегендей эле кеп. 

Элдин бийлиги тескерисинче үнөмдөп, ашыкчасын сатып, "элибиз менен биргебиз" дегенди сездирип жатышат. Кээ бир ооруканаларда аппараттар жетишпейт. Байкуш карапайым эл тээ алыстан Юрфага келишет. 7 күн 24 саат иштейт. Кирсеңиз басымдуу бөлүгү айылдан, аймактардан келгендер. Толгон-токой каражат коротуп, убара болуп келишет. Өлкөбүздү ЕАЭБге киргиздиңерби, кызыкчылыгын коргогонго эркиңер, билимиңер жетпейби? Жигули мингиле", - дейт активист. 

Кошумчалай кетсек, президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Автотранспорт биримдиги" мекемеси 40 автоунаа сатып алууга тендер жарыялаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости