www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медиктер биринчи жолу COVID-19 менен жеңил формада ооруган аялдын мээси менен борбордук нерв системасынын сезгенгенин аныкташты. Бул тууралуу "Популярная механика" жазды.

Окуя тууралуу Сан-Диегодогу Калифорния университетинин медициналык мектебинин дарыгерлер тобунун көп профилдүү отчетунда баяндалган. Анда 26 жаштагы аял коронавирусту жеңил көтөрүп, бирок кийин сол буту ооруп, ошол жак ыптасы алсырай түшкөн. Ошентсе да ал баш оору же акыл-эсинин начарлашын сезген эмес.

"Бейтаптын мээсинин сол тарабынын сезимталдыгына жооп берген бөлүгүнүн көп жери жабыркаганы аныкталган. Кызга васкулит деген диагноз коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Аял бир нече курс дарыланган. Медиктердин айтымында, биринчи дарылануу курсунан жарым жыл өткөндөн кийин мээнин жабыркаган жерлери азайып, жаңылары пайда болгон эмес. Бейтап дагы деле иммунодепрессанттар менен дарыланууда. Медицина өкүлдөрү COVID-19дун жеңил формасы менен ооругандар илдеттин кесепеттери оор болушу ыктымал экенин эске ала жүрүшү керектигин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости