www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул саамалык КРнын жана РФнын эриш-аркак жылынын алкагында 12-14-август күндөрү уюштурулат.

Маалым болгондой, 12-августта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Россиянын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы өтөт. Ага Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашеванын аткаруусундагы «Фольклор — Россиянын жаны» аталышындагы концерт тартууланат. Ошондой эле көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмө, мастер-класстар уюштурулат.

Ал эми 13-августта Г.Айтиев Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Россиянын руханий-маданий мурасына жана улуу акын Низаминин 880 жылдыгына арналган «Низаминин сюжеттери жана сүрөттөрү: Чыгыш менен Батыштын диалогу» көргөзмөсү ачылып, ал 1-сентябрга чейин уланат.

Ошондой эле, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Санкт-Петербург метрополинин дин кызматкерлеринин хорунун концерти өтөт. Мындан сырткары, Россия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган конференция өткөрүү планы бар.

14-август күнү саат 17:00дө Кант шаарында Санкт-Петербург митрополинин кызматкерлеринин хору концерт тартуулайт.

Белгилей кетсек, маданият күндөрүнүн программасы Россия элдеринин руханий маданиятын көрсөтүүгө багытталмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости