www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун маалыматына ылайык, Афганистанда  өткөн айда миңден ашуун жай тургундар Талибан менен мамлекеттик күчтөрдүн ортосундагы катуу салгылашта набыт болгон. БУУнун алдындагы Юнисеф балдар уюму бул жумада жаш балдарга каршы ырайымсыз мамиле “күн сайын өсүп жатканын” айтып эскертти.

Талибан шейшембидеги өзүнүн соңку аракеттери менен дагы эки облустун борборун каратып алган. Алар Фарах жана Пули-Хумри жергелери.

Расмийлердин айтымында, козголоңчулар өздөрүнүн байрагын башкы аянтта жана Пули-Хумридеги губернаторлуктун имаратында көтөрүшкөн. Пули-Хумри Баглан облусунун борбору жана Кабулдан болжолдуу 200 км алыстыкта жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости