www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаза аткаруу тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчы жаза аткаруу татаал кызмат экенин белгилеп, мекен коопсуздугунун, тынчтыгынын, бейпилдигинин кадыр-баркын билген мамлекет үчүн кылмыштуу чөйрөнү коомдон обочолоо эң маанилүү милдет болгонун жана болуп кала берерине токтолгон.

"Коомго коркунуч келтирген кылмышкерлерди жаза өтөө жайларында кармоо жана кайтаруу, аларды мыйзам жолуна салуу, түзөтүү жана кайра социалдаштыруу эрдикти, чыдамкайлыкты, чыныгы кесипкөйлүктү талап кылган татаал жана күжүрмөн кызмат", — деген Жапаров.

Президент жаза аткаруу тутуму бүгүнкү күндө мамлекетте жүрүп жаткан соттук-укуктук реформанын активдүү катышуучусу экенин айткан. Ошону менен катар Жапаров ар бир укук коргоо органы, анын ичинде жазык-аткаруу тутуму жоопкерчилик зоналарында иштерди талаптагыдай аткарып жатат деген ишенимин билдирген.

"Кызматыңыздардын оор экенине, тобокелдиктердин болушуна карабастан, сиздер өлкө тынчтыгын көздөп жарандардын коопсуздугун коргоп, жогоруда аталган милдеттерди аткарып келесиздер. Ошол эле мезгилде мамлекет тарабынан да кызматкерлерге материалдык дем берүү, жашоо деңгээлин көтөрүү, алардын тиричилик муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын канааттандыруу багытында аракеттер көрүлүп келе жаткандыгын белгилеп кетким келет. Бул аракеттер мындан ары да улантылат", — деп айтылат куттуктоодо.

Өлкө башчы бүгүнкү майрамдын ээлери өз кесибин мыкты билген, кыраакы, тайманбас, кайраттуу, чыныгы офицерлер экенине токтолуп, алар менен катар таланттуу, демилгелүү, мекенчил жаш кадрлар кызмат өтөп жатканын кошумчалады.

"Жаза аткаруу тутумунун урматтуу кызматкерлери, өлкө тагдыры үчүн ар бирибиз жоопкербиз. Күн сайын ак эмгегибиз менен балдарыбыздын жаркын келечегине, Кыргызстаныбыздын өнүгүп-өсүшүнө жол салалы!" — деп айтылат куттуктоодо.

Президент кесип ээлерине чың ден-соолук, бакыт-таалай, жооптуу жана сыймыктуу кызматта жаңы ийгиликтерди жарата беришин каалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости