www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Терроризм, жарылуучу заттар тууралуу жалган маалымат берген жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат, деп эскертет Ички иштер министрлиги.

«Бомба жөнүндө кабарлоо менен сиз коомдук коопсуздукка кол саласыз, уюмдардын, ишканалардын кадимки ишинин тартибин бузасыз. Укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрү жана каражаттары башка жакка тартылат, жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирилет.

Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 246-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган», - деп айтылат эскертүүдө.

Мындай кылмыш жасаган жарандарга 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айып салынып (жашы жете элек балдар үчүн 100 миңден 120 миң сомго чейин) же 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости