www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook эмдөөнү каралаган аккаунттарды өчүрүүдө

Facebook вакцинага каршы дезинформациялоочу өнөктүктөргө катышкан деп эсептелген жүздөгөн россиялык аккаунттарды өчүрдү.

Компания ал аккаунттардын иши Индия, Латын Америкасы жана АКШга багытталганын айтты.

Алар өзгөчө Ковид-19га каршы вакциналарга элдин ишенимин жоготуу үчүн жалган дооматтарды жайылтуу үчүн таасирдүү адамдарды тартууга аракет кылышкан деп кошумчаланат.

Facebook "Координацияланган жалган жүрүм-турум" жөнүндөгү акыркы отчетунда  AdNow аттуу орусиялык компаниянын бир бөлүгү болгон Fazze маркетинг агенттигинин таркатылган дезинформациялык кампаниясынын ортосунда байланыш бар экенин айтты.

Өткөн айда BBC Trending иликтөөсү ушул жылдын май айында Pfizer вакцинасына  байланыштуу кооптонуулар жөнүндө жалган дооматтарды жайылтуу үчүн авторитеттүү адамдарга Fazze агенттиги тарабынан акча сунушталганын кабарлаган.

Facebook компаниясынын маалыматы боюнча, бул Батыш вакциналарын каралоо аракеттеринин экинчи толкуну болгон.

Алардын иликтөөсү көрсөткөндөй, 2020-жылдын ноябрында ошол эле аккаунттар AstraZeneca вакцинасы шимпанзеден алынган зыянсыз аденовирусту колдонот деген жалган маалыматты таркатууга аракет кылышкан.

Алардан келген билдирүүлөрдө «Маймылдар планетасы» тасмасынан алынган кадрлар менен мемдер тараган. Анда вакцина адамдарды маймылга айлантат деген ой камтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости