www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болгону турат. Ага 18 талапкер ат салышууда. Бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Өлкөнү башкарам дегендердин санынын көптүгү эмнеден кабар берет? Кыргызстанда чын эле эл үчүн күйгөн, кызмат кылам деген патриоттор көппү?

Эл алардын арасынан татыктуусун кантип тандап алат? Азыркы тапта талапкерлер өзүнүн программасын калың элге жайылтып, түшүндүрүү иштеринин жүрүп жатканы байкалбагандай. Же болбосо эл өзү аткарылбаган иштерден тажап, берген убадалары кагаз жүзүндө гана калганынан улам ишеничи жоголду көрүнөт.

Эл азыркы заманда «кетсин, кетсин» деп эле жашап, «келсин» дегенге үйрөнө албай жаткандай. Бирок келсин деген учурда да эл өзү кандай башкаруучу болсун, элдин талабы кандай дегенде так айта албай тилдери чайналып жатпайбы?

Саясий серепчи Руслан Акматбектин айтымында, кыргызга ким келбесин ал, эч качан «хан» болбоосу керек.

«Өлкөнү буга чейин башкарган президенттердин бардыгы өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын ойлоп, байликти ошого жараша түзүп келген.

Эми азыркы келе турган президенттер да Конституцияны ошого жараша өзгөртүп жатат. Кыргызстанды кыска убакыттын ичинде өзгөртөбүз дегендер да өзүнүн жеке максатына жетүү үчүн элди колдонуп жатат.

Биздин негизги көйгөй бул – мамлекеттик түзүлүштө. Азыркы талапкерлер да эки башкарууну тандап жатат. Бул да болсо эл үчүн эмес жеке өзүнүн кызыкчылыктары үчүн да. Эми аларды эл өзү тандап алат, бирок, негизгиси ким президент болбосун ал «хан» болбошу керек», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости