www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жарым өмүрүн ушу курултай идеасына арнаган Кадыр Кошалиев кантип уялбай ушундай шартка көнүп, макул болуп басып жүрөт. Итаяк жалачудай болуп», - дейт саясат талдоочу Сабыр Муканбетов. Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

«Ушундай курултай кимге керек?

Жогорку Кеңештин эле санын 350 - 400 маяна албаган депутаттарга көбөйтүп Курултай деп коюш керек эле. Анан ал депутаттар өздөрүнүн ичинен 35 - 40 депутатын, комитеттерде маяна алып, туруктуу иштей тургандай кылып шайлап коюш керек эле.

Андай болгон жок. «Курултай мамлекеттик орган болбошу керек» - дегендер жеңди.

Курултай деген жөн эле рекомендательный жыйын, президент каалаганда чакырса аким, айыл өкмөттөр жыйып келип бере турган, курсактарын тойгузуп, алкоо айттырып, керек болсо кууп да жиберсе боло турган бир байкуш «курултай» болгону калды.

Анан ошо кимден отчет ала алмак эле.

Жарым өмүрүн ушу курултай идеяасына арнаган Кадыр Кошалиев кантип уялбай ушундай шартка көнүп, макул болуп басып жүрөт. Итаяк жалачудай болуп.

Эркек болсо эшикти тарс жаппайбы? Ары жок көрпенде!»

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости