www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Бекназаровдун соту 2 айга жылды

Фейсбук баракчасы аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан деп айыпталып жаткан Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары Рулан Бекназаровдун соту 2 айга жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунда өткөн жыйында белгилүү болду.

Эксперттердин корутундусу иштин материалында тиркелген корутундусунан айырмаланганына байланыштуу сот эки айга жылдырылды. Айта кетсек, соттук териштирүү мөөнөтү жана бөгөт коюу чарасы 25-январда аяктамак.

Эске салсак, өткөн жылдын 14-сентябрда Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 Ал эми, 2-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Руслан Бекназаровду үй камагына чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости