www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-сентябрдагы отурумунда депутат Руслан Казакбаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кадр тандоого байланыштуу суроо менен кайрылды. Депутаттын айтымында, өкмөт башчыны той-аштардан такыр көргөн эмес.

«Сизди той-аштардан көрбөйбүз. Унааңыз өкмөт үйүнүн жанында түнкү саат бирге чейин турган болот, бул жакшы ишиңиздин жыйынтыгы деп ойлойм.

Ведомствонун башчыларын кайсы принцип менен тандадыңыз? Талапкерлер менен дайындалганга чейин сүйлөштүңүзбү? Алардын планы, ишинин программасы барбы?», - деп сурады депутат.

Жооп узаткан премьер-министр бардык талапкерлердин программасы бар экенин айтты.

«Биз алар менен сүйлөштүк, ал эми тандоодогу принциптер алардын тажрыйбасы, компетенттүүлүгү жана айкындуулугунда болду», - деди өкмөт башчы.

Эске сала кетсек, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушу тапта атайын жумушчу топ түзүлүп, Өкмөттүн жана анын аппаратынын жаӊы ийкемдүү түзүмүнүн долбоору иштелип жатканын, ал аяктагандан кийин парламенттин кароосуна киргизиле турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости