www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Бишкекке Афганистандан америкалык аскерлерди Кыргызстанга алып келип жайгаштыруу суроосу менен кайрылды, бирок мындай тариздеги кызматташуу боюнча маселе каралган жок. Бул туурасында РИА Новостиге Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев маек куруп жатканда айтты.

"Бизде террорчулукка каршы Вашингтон менен өз ара кызматташуу боюнча жетишерлик деңгээлдеги, кенен тажрыйба бар. Өзүңүздөр билгендей, "Манас" аэропортундагы Жүк ташуу боюнча транзиттик борбордогу аба базага эл аралык коалициянын күчтөрүн кабыл алып жүргөнбүз", — деген Казакбаев.

Ошондой эле, министр Афганистандагы абал тез өзгөрүп жаткандыгын жүйө келтирип, кызматташуу боюнча да сөз кылган.

"Албетте, ар кыл өңүттөгү кайрылуулар, ар кыл деңгээлдеги кеп-кеңешүүлөр болгон. Бирок Афганистандагы абал азыр күн сайын өзгөрүп жатат. Учурда мындай форматтагы кызматташуу туурасындагы маселе каралган жок", — деген Казакбаев.

Бул туурасында министр АКШ Бишкекке Афганистандагы аскерлерди Кыргызстанга жайгаштырууну сунуштадыбы деген суроого жооп берип жатып айткан.

Май айында Wall Street Journal басылмасы маалымат булактарына таянып, АКШ Афганистандан алып чыгып жаткан аскерлерин Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырышы мүмкүндүгүн, бирок азырынча макулдашуу жок экендигин жазган эле. Анда автабаза Америка Кошмо Штатына аскерлер үчүн эле эмес, пилотсуз башкарылуучу учактар, бомбалоочу жана артиллериялык техникалар үчүн зарыл экендиги айтылган. Бир катар аскер адамдарынын жана АКШ президенти Жозеф Байдендин админстрациясынын өкүлдөрүнүн пикирине караганда, контингентти Өзбекстан же Тажикстанга жайгаштырганда жакшы болмок. Себеби, алар Афганистан менен чектешет.

Афганистандагы абал

Августтун биринчи декадасында талибдер Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө жасаган чабуулдарын активештире баштаган. Алар ири шаарларга кол салып, 15-августта Кабулга киришкендигин жана президенттик сарайды алгандыгын кабарлашкан.

Афганистандын президенти Ашраф Гани "кандуу булоондун алдын алыш үчүн" өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү "Талибандын"* саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жар салган.

Гани өлкөдөн качкандан үч күн өткөн соң Бириккен Араб Эмирлигинен видео кайрылуу жасап, жакынкы күндөрү мекенине кайрылып келерин айткан. Вице-президент Амрулла Салех Баш мыйзам боюнча мамлекеттин башчысы болуп каларын билдирип, талибдерге курал менен каршы чыгууга чакырык жасаган.

Учурда Афганистандан кара жол аркылуу чыккан чек аралардын бардыгын талибдер каратып алган. Афганистандыктар менен анда иштеп жаткан чет элдик миссиялардын кызматкерлерин Кабулдагы аэропорт аркылуу алып чыгып кетип жатышат. Бүгүнкү күндө ал АКШ менен НАТО күчтөрү кармап турган бирден-бир аймак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости