www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар түрк элдеринин ичинен эӊ биринчилерден болуп мамлекет түзүп, Евразиядагы калган мамлекеттерге үлгү болду. Мындай пикирди коомдук ишмер Алмаз Кулматов айтты. 

--"Мындан 31 жыл мурда, 1990-жылы 15-декабрда Кыргызстан Республикасынын Жогорку Совети “Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик суверенитети жөнүндө Декларация” кабыл алган. Суверенитет тууралуу ушул жогорку актыга таянып, 1991-жылы 31-августа “Көз карандысыздык жөнүндө Декларация” кабыл алынат да анын биринчи беренеси Кыргызстанды эркин, көз карандысыз мамлекет деп жарыялайт. 1991-жылы президенттин жарлыгы менен “Көз карандысыздык жөнүндө Декларацияга” конституциялык мыйзам статусу берилет. Ошол күндөн тартып 31-августту Көз карандысыздык күнү деп эсептеп келебиз.

Андан бери 30 жыл өттү дейбиз, бирок бул дата тарыхый көз караштан алганда шарттуу дата, формалдуу мүнөзгө ээ, башкача айтканда тарыхый чындыкты толук чагылдырбайт. Биз өз алдынча мамлекет курган, эгемендүүлүккө тарыхый укугу бар элдин көз каранды эмес мамлекеттүүлүгүнүн калыбына келишинин 30 жылдыгы тууралуу кеп кылышыбыз керек. Азыр мындай тезисти көпчүлүк кабыл албашы мүмкүн. Бирок далилдегенге аракет кылалы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы узак жана татаал.

Кыргыз мамлекеттүүлүгү жылдызы жанган же ындыны өчкөн, жемиштүү же жеӊилүү ызасын тарткан, кеӊ аймакты кучагына алган же бучкактай тарыган, бактыга мол же багы колунан учкан ар кандай кезеӊдерди башынан кечирди.

Кыргыздар түрк элдеринин ичинен эӊ биринчилерден болуп мамлекет түзгөн. Ушул мамлекеттүүлүктүн традициялары Евразиядагы калган мамлекеттерге үлгү, түрткү жана ал мамлекеттердин кийинки тарыхына таасирин тийгизген фактор болду", - дейт коомдук ишмер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости