www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Келе жаткан олимпиада оюндарында алтын медалдарды алууга аракет кылабыз", - деди машыктыруучу Нурбек Изабеков.

Бул тууралуу ал бүгүн, 23-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Олимпиада оюндарында байге алган спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына мамлекеттик жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземинде айтты.

"Урматтуу мекендештер жана урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич, кыргыз спортун ар тараптуу колдоп, спортчуларыбызды Олимпиадада колдоп, дем берип турганыңыздарга ыраазычылык билдирем. Олимпиада оюндарынан ийгиликтүү мекенибизге кайтып келгенде спортчуларды жана машыктыруучуларды жогорку деңгээлде тосуп алганыңыздарга жана бүгүнкү сыйлоо аземине, спортчуларыбызды, машыктыруучуларыбызды, дарыгерлерибизди спорт федерацияларынын мүчөлөрүнүн эмгегин жогору баалап, татыктуу сыйлыктарды тапшырып жатканыңыздарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз машыктыруучулар жана спортчулар мамлекетибиздин өнүгүшүнө, мамлекетибиздин эл аралык деңгээлде аброю көтөрүлүшүнө талыкпастан эмгек жасайбыз. Келе жаткан олимпиада оюндарында бир нече алтын медалдарды жеңип алууга талыкпай эмгектенебиз", - деген ал.

Белгилей кетсек, машыктыруучу Изабеков спортчуларды тарбиялоодогу эмгеги үчүн II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, ага 8 млн 150 миң сом акчалай сыйлыкты Садыр Жапаров өзү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости