www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдердин өкүлү кыздар үчүн мектептер жабылып, мурдагы аткаминерлер изделип жатат деген маалыматтарды четке каккан.

Жарандар талибдерден коркконунан эмес, жакырчылыктан улам Афганистанды таштап кетүүгө аракет жасап жатышат. Бул тууралуу радикалдык кыймылдын өкүлү Сухейл Шахин билдиргенин Sputnik радиосу кабарлады.

Ал элдин агылышын экономикалык миграцияга байланыштырган.

"Алар батыш өлкөлөрүндө жашагысы келет. Бул экономикалык миграция. Себеби Афганистан кедей өлкө. Калкынын 70 пайызынын колунда жок. Ушул себептен жарандардын көпчүлүгү жакшы жашоону издеп батыш өлкөлөрүнө көчүп кетүүнү каалашууда. Алардын бизден корккон жери жок", — деген Шахин Sky News басылмасындагы маегинде.

Согушкерлердин өкүлү жарандар эмне себептен "Талибан"* бийликке келгенден кийин гана жакырчылыктан качып, башка өлкөлөргө кетүүгө аракет кылып жатканы боюнча эч нерсе айткан эмес.

Шахин ошондой эле кыздар үчүн мектептер жабылып, талибдер мурдагы аткаминерлерди издеп жатат деген жаңылыктар жалган экенин белгилеген.

"Талибан"* согушкерлери АКШнын Афганистандагы аскерлери чыгарылгандан кийин өлкө аймагын багынта баштаган. 15-августта Кабулду басып киришкен. Республиканын президенти Ашраф Гани өлкөнү таштап кеткен. Вице-президент Амрулла Салех өзүн өзү мамлекеттин убактылуу президенти катары жарыялап, Панжшерде талибдерге каршылык көрсөткөн. Дүйшөмбү күнү эртең менен Талибдер моюн сунбай жаткан Панжшерди камалай баштаганы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости