www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант беришти.

Бирок ант берүү аземине тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышкан жок. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ал Астана шаарына иш сапары менен кеткенин билдирди.

Белгилей кетсек, Казакбаев түшкө чейинки жыйынга  катышкан.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчы болуп шайланган. Ошону менен катар өкмөттүн ал сунуштаган курамы жана структурасы жактырылган. Ал эми депутат Руслан Казакбаев Тышкы иштер министри болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости