www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын аймагында баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды интернет тармактары аркылуу саткандар аныкталып, алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 267-беренесинде (Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган. 

"Тергөөнүн жүрүшүндө психотроптук заттарды Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсү менен Чүй каналынын кесилишиндеги жашыруун жайга бекитүү учурунда 1989-жылы туулган С.И. кармалган. Ага кароо жүргүзүү учурунда 1 даана таңгак табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы таңгак жалпы салмагы 37,25 грамм психикалык активдүү зат экени аныкталган.

Ошондой эле аталган фигурант баңги каражаттарды “А” пунктунан “В” пунктуна ташуу, “ЕХ.KG” аккаунту аркылуу Телеграм социалдык тармагы менен интернет дүкөнүнүн операторун аныктоо боюнча курьерлик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү, акысына электрондук капчык аркылуу акча каражат алып жүргөндүгү маалым болгон.

Кармалган жаран Орусиядан өзүнүн атына почта аркылуу жөнөтмө алгандыгы үчүн 150 АКШ доллар сый акы алгандыгы аныкталды.

Бул факт 268-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча интернет дүкөнүнө карата жүргүзүлгөн мындан аркы ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Магистраль көчөсүнөн 1998-жылы туулган А.У. кармалып, андан психотроптук активдүү зат алынган. Анын жалпы салмагы 14 граммды түзгөн. Сүйлөшүлөрдү жүргүзүү учурунда ал социалдык тармактар аркылуу баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Ошондой эле 1998-жылы туулган К. уулу А. аттуу жаран кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, ал жашаган дарекке тинтүү жүргүзүү учурунда 12 даана таңгак күкүм түрүндөгү күрөң түстөгү зат, ар түрдү өңдөгү таблеткалар, компьютер жана ноутбук, банктык карталар, сим карталар табылып алынган. Алынган баңги жана психотроптук заттардын жалпы салмагы 142,26 граммды түзгөн.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, алынган баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды сатууда кылмыштык топтун кирешеси 245 миңден ашуун сомду (болжол менен 486 дозаны) түзмөк. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости