www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн парламентке Өкмөт менен ӨКМнин өкүлдөрү келип, Өзгөн районуна караштуу Аюу Сай айылында болгон кырсык боюнча маалымат беришүүдө.  Депутат Руслан Казакбаев ӨКМнин өкүлдөрүнө ӨКМда канча кызматкер жана канча техника бар экендиги боюнча  сураганда, ага ӨКМ министринин орун басары 5740 кызматкер, 240 вакансия бар экендигин жана авариялык машина жетишпегендигин айтты.

«Алдын ала кам көрұп, көчүрүү боюнча ачуу чындыкты  ажо Алмазбек Атамбаев деле айтты го. Ал айылды алдын ала башка жакка көчүрүп коюшуңар керек болчу! Анан бир нерсе болсо эле күнөөнү башкалардан издейбиз. Аталар кейисе, Атамбаев күнөөлүү , бороон болсо Боронов күнөөлүү , жакырчылык келсе Жапаровду күнөөлүү кылган болбойт” ,- деди депутат Руслан Казакбаев.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости