www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоонун 15-октябрга жылышы мүмкүн экенин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов  билдиргенден кийин, ого бетер саясый майдан копшолуп алды. Өзгөчө аламанга аттанчулар аяк-баягын карашып, үгүт иштерин жандантууга өтүштү.

Бир гана бийлик талапкерлердин аты атала элек. Бирок, биздин баамызда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун соңку убакта таскагы катуу чыкканы, өкмөттүн отчетун ийгиликтүү тапшырып, парламенттен 98 депутаттын колдоосуна ээ болгону, ошого катар региондорду тынымсыз кыдыруу менен активдүү жүрүшүнө өткөнү кө-өп нерсени каңкуулайт. Азырынча КСДП расмий түрдө каарманыбыздын атын атай элек, бирок, ким билет, Алмазбек Атамбаев деле досунун ишмердигин баалап, «добросун» берип коюшу ыктымал. Ошондо саясый элитанын басымдуу бөлүгү, өзгөчө түштүк катмардын тыңчыкмалары бийлик мураскерине оңой эле ооп кетишери турган иш.

Негизи Кыргызстандагы шайлоолор тышкы күчтөрдөн дагы көз каранды. Айрыкча Россия, Казакстан келечектеги башчыбыздын ким болоруна кызыгышат. Керек болсо түздөн-түз колдоого алышы ажеп эмес. Бул жагынан караганда С. Жээнбековдун тышкы саясаттагаы поцизиясы ордунда, иренжите турган сапаттарын байкаган жокпуз. Ток этери, соңку убактагы Сокенин активдүүлүгү бийлик талапкер болушун шарттайбы?..

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости