www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэнин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев Ли Вон Чжэни Кыргызстандагы элчи кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы жана өнүгүү келечегин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кореянын элчиси көптөн бери чечилбей келе жаткан Ж. Баласагын атындагы КУУнун медициналык жабдыктарды алуу үчүн кореялык «Медисон» компаниясынын алдындагы төлөнө элек карызы боюнча маселени көтөрдү.

Мындан тышкары, тез арада «Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын функционалдык жакшыртуу» долбоору боюнча өкмөттөр аралык жана кредиттик макулдашууну кароону жана Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү, жазык жоопкерчиликке тартуу үчүн кылмышкерлерди өткөрүп берүү жана соттолгондорду экстрадициялоо жөнүндө макулдашууларды ратификациялоону өтүндү.

Өз кезегинде министр Р. Казакбаев аталган маселелерди жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасынын өкмөтүнөн өнүгүүгө расмий жардам алуу үчүн (ODA) артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгендигин эске алып, Р.Казакбаев биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Ли Вон Чжэ ошондой эле Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Соктун 2021-жылдын 3-5-апрелинде Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга ылайык, учурда корея тарабы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин санариптештирүү боюнча долбоору каралып жатканын белгиледи.

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында тараптар жогорку деңгээлде иш сапарларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министр Р. Казакбаев Кореянын тышкы иштер министрин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости