www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин коронавируска каршы вакцинаны шашпай, жай алышы COVID-19дун мутацияланып кетишине алып келиши мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости врач-инфекционист Андрей Поздняковдун айткандарына таянып жазды.

"Эгерде эмдөө жай жүргүзүлсө вирус мутацияланып кетет да, азыркы вакцина ага таасир этпей калышы мүмкүн. Бул кырдаал калктын арасынан жетиштүү түрдө эмделбегендер, ооруга каршы иммунитет топтобогондор (вакцина сайдыргандар же ооруп чыккандар) басымдуулук кылса жаралат", — деген дарыгер.

Адистин айтымында, вирустун азыркы мутациясы вакцинанын майнаптуулугуна терс таасирин көрсөтө албайт.

"Вакцина мутацияланбаган вирустун туруктуу генине карата антителону жаратыш үчүн жасалууда. Учурда табылган мутация вакцинанын натыйжалуу болушуна глобалдуу түрдө таасирин тийгизет деп айтканга азырынча негиз жок", — деп билдирген Поздняков.

Мутациянын максаты — вирустун тышкы чөйрөдө жашап кетүүсүнүн жана жайылуусунун мүмкүнчүлүгүн арттыруу. Вирус бир организмде көп жашап калганда иммундук система менен күрөшүүгө аракет кыла баштайт. Бул иммунитети "чабуул" менен тез күрөшө албай турган бейтаптарда болот. Же ооруну жугузуп алгандар арбын топтолгон шарттарда, маселен, стационарлар менен COVID-19ду дарылаган госпиталдарда кездешет.

Вакцина саюу вирустун бир катар мутацияларынын алдын алат. COVID-19 даярдыгы бар организмге түшкөндө иммундук система тез реакция кылып, вирус мутация болгонго жетишпей калат. Инфекционисттин айтымына караганда, келечекте мутант вирус пайда болуп, ага эмделгендердин иммунитети да туруштук бере албай калышы мүмкүн, бирок буга көп убакыт керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости