www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү жана союздашы болуп келген жана болот берет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди.

"Биз ушул багытта алдыны көздөй жылып, байланыштарды жогорку деңгээлде колдоого жана эки тарапка пайдалуу саясий диалогдорду бекемдөөгө далалат кылабыз. Экономикалык өз ара аракеттешүү жана интеграциялык процесстерди евразиялык алкакта жүргүзөбүз. Ошондой эле региондор аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөбүз", — деди Казакбаев.

Ошондой эле ал кыргыз тараптын атынан Россияга өлкө кыйын абалга кептелгенде, тагыраагы, саясий кризис, шайлоодон кийинки учурда жана коронавирус пандемиясында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости