www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Партиялар көп. Бирок, саясатчыларда туруктуулук жок. Улам бир партияга секирип көрүшөт. Анан өздөрү партия түзүүгө өтүшөт. Анысы ара төрөлгөн баладай болуп араң алты ай жашайт. Анан өлүү партияларынын даакысын сүйрөп алып ар кайсы партиялар «үйлөнө» башташат.
Бирок, оттору күйүшпөй кайрале ажырашышат. Бул Кыргызстандагы саясый абал менен саясатчылардын туруктуулугунун жүзү. Эми дагы бир партия туулганы атыптыр. Рустам Маманов деген бизнесмен жигит бар эмеспи. Аздыр-көптүр саясатка аралашып калды. Бирин экин партияга да тийди-качты аралаша койгону да бар. Ушул жигиттин өз алдынча партия түзүп жатканын эшиттик.
Капчыктуу жигит эмеспи, мүмкүнчүлүк болуп турганда саясатка баш-отум менен аралашайын деген го. Баса, бул жигит бийликтин партиясынан да күчтүү кылам деп дээлигиптир. Арийне, Алмазбек Атамбаевдин СДПК партиясын алсыратуу аракетин так ушу Маманов баштадыбы?
Бул боюнча өзү менен байланышып, пикир билели деген оюубуздан майнап чыккан жок. Балким, окуп калса үн катып коер.
Булак: Де-Факто