www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 26-январь күнү маалыматтык агенттиктердин биринде “Милиция кызматкери түкүрүнүп, селсаяктарды коркутуп, сөгүнүп жатат” аталышындагы видеоматериал жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасы менен жогорудагы факты боюнча ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүшкөн. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө аталган видеодогу милиция кызматкеринин өздүгү такталып, ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча күзөт бөлүмүнүн кызматкери, милициянын старшинасы Т.А. аттуу болуп чыккан.

Бул окуя өткөн жылдын 29-декабрь күнү Бишкек шаарынын Ж. Абдрахманов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгондугун билдирген.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен ИИМдин МАККББнын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча күзөт бөлүмүнүн кызматкери, милициянын старшинасы Т.А. ички иштер органдарынан бошотулду. Ал эми бул бөлүмдүн жетекчилери тартиптик жаза алышты деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости