www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БРИКС тышкы саясатта бир тараптуу санкциялар менен иш алып барганга каршы мамлекеттердин бирикмеси. Бул тууралуу Россиянын ТИМ министринин орун басары Сергей Рябков билдирди.
"Макрондун БРИКС саммитине катышуусу орунсуз деп Россия Түштүк Африка Республикасына билдирди", - деди Рябков.
22-24-август күндөрү Йоханнесбургда өткөрүлмөкчү болуп жаткан БРИКС саммитине ТАР төрагалык кылат.
Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон БРИКС саммитине катышуу ниетин билдирген.
Франциянын Тышкы иштер жана Европа мамлекеттери боюнча министри Катрин Колонна ТАРдын ТИМ министри Наледи Пандор менен сүйлөшүүлөр болуп, эгерде чакыруу болсо Макрон катышаарын карап көрөөрүн билдирген.
РФ президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков Макрон БРИКС саммитинин ишине кандай максатта катышаарын Кремль түшүнбөй жаткандыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg