www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз жарандарынын кыйноого кабылганын казак тарап моюнга алды. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
Рысбековдин айтымында, Казакстан Кыргызстан сыяктуу эле БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясын ратификация кылган.
“Казак тараптан ушул эл аралык милдеттенме бузулган. Мындан сырткары, коңшу өлкөдө Стамбул протоколу ишке кире элек экен. Ал эми Кыргызстанда ал протокол ишке кирген жана биздин юрисдикцияда таанылат. Биздин кыйноого кабылган жарандарды Стамбул протоколунан өткөрүп, эгер талап кылынса ал документтин түп нускасын Казакстандын тергөө органдарына жөнөтүүгө даяр экендигибизди билдирдик. Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандары кыйноого кабылганы тууралуу фатыларды келтиргенде Казакстан кескин түрдө жок деп айта алышкан жок, кандайдыр бир деңгээлде моюнга алды”, - дейт ал.
Эскерте кетсек, Алматы шаарындагы башаламандыкта кармалган кыргызстандык Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш иш козголду.
Булак: NazarNews.kg