www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаары менен Чуй облусунда жума намаздарга тыюу салынып, бирок базарларда, тойлордо адамдар бет кабы жок жүргөнүн депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Бишкек шаары менен Чүй облусунда жума намаздарга тыюу салып койду коронавирус коркунучу бар деп. Ошол эле кезде мен унаа базарынын жанында жашайм. Ал жерде 10 миң адам унаа базарына барат 10 кишинин бет кабы жок. Баарыбыз тойлордо жүрбөйбүзбү, тойлордо мен бет кап кийген кишини көргөн жокмун. Андай болсо тандоо болбош керек да, эмне үчүн биз мыйзамга чакырабыз дагы ыйманды качырабыз? Чектөө киргизе турган болсок бардыгына чектөө киргизели, бир эле мечит менен мектепке эмес", - деди Момбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости