www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин районундагы “Алтын кен” компаниясы элдин үнүн укпай өз билемдигине салып жатат. Мындай пикирди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине Кемин районунун тургуну, активист Азамат Асанов билдирди.

--“Кемин районундагы “Алтын кен” деген компания бар. Ал кызматкерлердин айлык маянасын кыскартып, өз убагында бербей жатышат. Эл кыйналып кетти, же айткандарын аткарышпайт. Биз тиешелүү органдарга кайрылганыбыз менен алар чара көрүшпөйт. Бул “Алтын кен” компания Кытайлык ишкерлер иштетип келет. Биздин баалуу кен байлыкты казып жатышат. Же жыргатып салык төлөшпөйт. Кумтөрдөгүдөй эле чоң маселе бар. “Биз пайда көрбөй эле, чыгым тартып жатабыз” дешет. Андай болсо казбай, иштетпей эле коюшсун. Азыр жалпы эл дагы бул кен казуу компаниясынын ишин токтотобуз деп жатышат. Ал эми биздин аймактагы мамлекеттик органдар коррупцияга батып кетти Себеби, аларга акча берип койсо элге көңүл дагы бурушпайт. Буга байланыштуу бардык тургундардын атынан бийлик өкүлдөрүнө кайрылам.  

Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев сиздер биздин элге бир көңүл буруп койсоңуздар. Кыргызстандын алтынын казып жаткан Кытайдын компаниясынын ишин бир көзөмөлгө алып берсеңиздер”, - дейт активист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости