www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеште «Вега» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүчү депутаттык комиссия түзүү тууралуу сөз козголду. Депутат Айбек Осмоновдун айтымында, бул боюнча фракциянын чечими да бар.

«Вега» көптөгөн чиновниктердин айып пулун чийип коюп, жөнөкөй элге айып жүктөлүп калды», – деген депутаттын айтымында айып пулдар жокко чыгарылганын компания сыноо жүргүзүлгөнү менен түшүндүргөн.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Вега оперейтинг компани» ЖЧКнын жетекчиси — Насипкулов Арман Шаршенович (мурун Молдоусупов Бакыт Эсеналыевич болчу).

Ал эми түзүүчүсү — «КЕМИН Майнин» ЖЧК менен «Концерн радиостроения «Вега» АК. Кайра катталган убактысы: 22.07.2019.

Ал эми «Кемин Майнин» ЖЧКсын Дербишалиев Кумар Токонович түзсө, жетекчиси — Дүйшеев Алтынбек Мамбеткулович. Компания 2015-жылдын 5-мартында кайра каттоодон өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости