www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Борбордук айылында салынып жаткан мектептин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу болуп, 225 окуучуга ыңгайлашкан.

Муну менен бирге Жапаров «Жаңы-Жер» чек ара заставасына да барганы айтылды.

«Өлкө башчысы жоокерлердин даярдыгын, эрдигин белгилеп, дал ушул сапаттардан улам мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калууга мүмкүн болгонун айтты. Мамлекеттик чек аранын коопсуздугун сактоонун маанилүүлүгүнө да токтолду», — деп айтылат маалыматта.

Президент Достук айылынын тургундары менен да жолугуп, жакын арада Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин эскертти. Мунун алкагында бир катар жеңилдиктер каралып, салык жана инвестициялык өзгөчө тартип киргизилерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости