www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Суракка чакырылыпсыз, таксист менен болгон окуяңыз кандай чечилди?

- Таксистти хулиган катары кармап берсем, кайра мени хулиган катары суракка чакырып жатат. Бүгүн дагы тергөө кызматы суракка чакырышты. Ошондой эле аскер прокуратурасынан дагы Кумтөр боюнча суракка чакырып жатышат. Башкача айтканда, мага болгон куугунтук, куйтулук курчуду. Мени менен жакшы мамиледе болгон адамдарды биринин артынан бирин шыпырып жатышат. Жорожолдош, ким мени менен жакшы мамиледе болсо кызматтан кетишүүдө...

- Себеби эмнеде?

- Менин саясый көз карашым, бийликтин кадамдарына сын пикирлерим итиркейлерин келтирип жатса керек. Алдыдагы шайлоодо кайсы жактан талапкерлигимди койсом, дагы беделимди түшүрүүгө аракеттер күч болору ырас. Баардыгы капысынан, кокусунан жасалган эмес, атайын жасалган. Комментарийлерден деле билинип жатат.

Мурунку президенттин “фейк фабрикасы” менен азыркы бийликтин “фейк фабрикасынын” троллдору жазышып, атакага өтүп алышкан. Мен мындай нерсенин далайын баштан кечиргем. Мындан 12 жыл мурун кесиптешим Асланбек Сартбаев экөөбүз ушундай нерселердин, куугунтуктоолордун кыйласын көргөнбүз. Мындан да катуу кысымдар, коркутуулар болгон.

Ошондо маани бербеген, бүгүн айбыгып калбайм. Атайын кыйкырыктар, чакырыктар, телефон чалуулар, күнү-түнү автоунаа менен аңдып жүрүшкөндөр толтура. Ким менен сүйлөшсөм жаздырып жатышат. Күнү-түнү аңдууда экенимди органда иштеген жакын санаалаштарым эскертишүүдө. Менин жашыра турган эч нерсем жок. Ачык эле сүйлөй берем.

Булак: Азия News гезити

Последние новости