www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ууру, коррупционер дейбиз дагы бирок биринин дагы элесин, жүзүн көрө албай келебиз”, - деди бүгүн, 10-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Бөдөш Мамырова.
- Эл арасында бийлик иштебей эле, айрым адамдарды камоо менен алек болуп жатат деген пикир жаралып жатат. Элдин жашоо турмушу унутта калып жалаң гана саясий оюндар менен алек болуп жаткандайбыз. Бул нерсеге сиз макулсузбу?
- Азыр бир топ инсандарыбыз темир тор артында жатат. Биз таза мамлекетти башкаруудан баштайбыз деген принцип менен жаңы келген жетекчилерибиз коррупцияга каршы чоң чабуулду баштады.
Илгери эле “коррупция 7-этажда” деп айтылып келгендей, чиновниктердин баары эле коррупционер болгон. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөштү карапайым элден баштамак беле? Тамырынын баары жогору жакта турбайбы деп бирин күнөөлүү деп камаса, экинчиси да күнөөлүү болуп чыгып жатпайбы. Бирок мен булардын баарын жөн эле отургузуп койду деп актагандан алысмын. Алардын баарынын күнөөсү жок, акталып чыксын десе анда биз эмне үчүн ушунча жылдан бери бир оордубуздан жылбай жатабыз? Бүгүнкү күнгө чейин ууру, коррупционер дейбиз дагы бирок биринин дагы элесин, жүзүн көрө албай келебиз.
Ушундай уурулар бизди башкарып жүргөн турбайбы деп кээде уяласың. Бирок бул нерсеге чекит коюлат деп ишенем. Коррупция менен күрөшүүдө “ага, ини” дебей баары менен тегиз күрөш жүрүш керек деп эсептейм. Ошондуктан жалаң гана чиновниктер уурдап, коштоп жүргөндөрү жөн эле калып калган жок да. “Ашын ичкендер кутулуп, аягын жалагандар тутулбаш керек”.
Булак: NazarNews.kg