www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге мындан башка дагы революциялардын кереги жок. Мындай пикирди белгилүү журналист Ибраим Нуракун уулу айтты. 

--"Кыргызстандын жаңы тарыхында үч революция болду. Үчөөндө тең мен оппозициямын дегендердин дээрлик эч кандай таасири болгон жок. Негизги себепчилер жалаң президенттин жакындары.

Мисалы, Аскар Акаевди Майрам, Айдар Акаевдер, күйөө баласы Адил Тойгомбаев кулатты. Курманбек Бакиевди Жаныш, Максимдер бүтүрдү. Алмазбек Атамбаевди өзүнүн жакын чөйрөсү адаштырып, досу каматкан. Ал эми Сооронбай Жээнбековду жанындагы эки партиясынын ачкөздүгү чалып жыгытты. Оппозиция ар бир учурда жөн гана ошол учурдан пайдаланып, бийликти колго алып кетти.

Президент Садыр Жапаровдун мындан кийин күчүмдү саясий куугунтукка короткум келбейт деп жазганы ошондон улам болсо керек. Бизге мындан башка дагы революциялардын кереги жок, тынч жашап берсек эле эл өзүнүн арбасын өзү тартып кетет, урматтуулар. Бизге тынчтык, туруктуулук, биримдик керек", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости