www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бектур мырза, күздөгү парламенттик шайлоого оппозициялык маанайда топтор биригип, бир күчкө айланып шайлоого барабы?

- Күздөгү парламенттик шайлоодо оппозициялык маанайдагы топтор азырынча сүйлөшүү процессин жүргүзүп баштады. Менин оюмча, эки-үч оппозициялык блок жана бир-эки партия шайлоого барат. Алсак, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан” өз алдынча, калгандары бир топко биригип барышат. Дагы да көп сүйлөшүүлөр болот. Менимче, сентябрь айынын аяк ченинде коомчулукка баары белгилүү болору шек жаратпайт.

- Бир мандаттуу шайлоодо ал ортодо чыр чыгып кетүү коркунучу жокпу?

- Бир мандаттуу шайлоодо чыр чыгып кетүү коркунучу бар. Бийлик адилеттүү шайлоо өткөзүүгө батынса, баардыгы акыйкат болсо, админресурстарды колдонбосо, акча чачуулар катталбаса, дээрлик мыйзам чегинде каралса, чыр чыгып кетүүнүн алдын алса болот.

- Бийликтин канча партиясы күзгү парламенттик шайлоо аттанганы турат? Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

- Мага жеткен маалыматка таянсам, бийлик өзүнүн партиясын койбой турганы каңкууланууда. Анын канчасы негиздүү экенин азырынча айтуу эрте. Ошол эле учурда “бийлик өзүнүн 3-4 партиясын шайлоого жиберет” деген да маалымат таркады. Мисалы, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Ыйман нуру” деген партияларды айтсак болот.

Булар бийликтин партиялары экенин баарыбыз жакшы билебиз. Мындай нерсени биз туура кабыл алышыбыз керек. Албетте, бийликтин да партиялары болгон оң. Эң негизгиси, шайлоо адилеттүү, таза өтүшүн талап кылабыз.

Муну коомчулук деле колдоп атат. Элибиз качанкыга чейин шайлоонун шайтан оюндарына малынып, бөлүнүп-жарылып, митинг, тополоңдун артынан чуркап жүрмөк эле? Баары жетиштүү болду, эл да түшүндү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости