www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын экономикалык соода уюмунун президенти Асиф Икбал бүгүн, 10-сентябрда маалымат жыйында Кыргызстандан Индияга вино ичимдигин экспорттоо ниетин билдирди.

Анын айтымында, делегация расмий сапарынын алкагында “АЮ Холдинг” көп функцияналдуу компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан.

“Холдингдин жетекчилери жана КРнын соода-өнөр жай палатасынын өкулдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өз ара түшүнүүчүлүк жөнүндө меморандумга кол коюлду”, - деди ал.

Мындан тышкары, Икбал Кыргызстандан Индияга кургатылган жемиштерди, бал, дары чөптөрдү жана жаңгактарды экспорттоо пландалып жатканын белгиледи.

“Ошондой эле биз бал, кургатылган жемиштер жана жаңгактарды камтыган ири көлөмдөгү куймаларды чыгарууну пландап жатабыз”, - деди ал.

ИЭСУнун президенти индия тарап жайкы жана кышкы туризм, билим берүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. “Биз айыл чарба техникасы боюнча адистерди даярдоо үчүн окуу борборун курууну пландап жатабыз. Бирок, бул маселелер 2021 -жылдын ноябрь айында, биз чоң делегация менен Кыргызстанга кайтып келгенде кененирээк талкууланат”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, ИЭСУнун президенти 2022-жылдын жазында Кыргызстанда "Индия-Кыргыз Инновациялар" форумун өткөрүү ниетин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости