www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыйында бир нече парламентарий эмнеге олуттуу өзгөртүүлөр болбогонун сураганда кеңешменин төрагасы 80 депутат демилгелеген долбоордун концепциясынан чыга албаганын айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү алгач сунушталган долбоорду толук өзгөртө албаганын сынга алды.

Бүгүнкү жыйында бир нече парламентарий эмнеге олуттуу өзгөртүүлөр болбогонун сураганда кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 80 депутат демилгелеген долбоордун концепциясынан чыга албаганын айтты.

Ошол учурда Рыспаев Конституциялык кеңешме эмнеге түзүлүп, кандай иш кылганына кызыкты.

"Алгач 80 депутат бул долбоорду алып чыккан, бирок коомчулук жактырбай аябай ызы-чуу болгон. Ошондо кайра жазып чыгалы деп Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Бирок силер "депутаттар берген концепциядан чыга алган жокпуз" деп атасыңар, мындай тапшырманы сиздерге ким берди? Эмнеге башында ушул тууралуу айткан жоксуңар? Анда элдин үнү, мүдөөсү бул долбоордо камтылган жок деп айта алам. Биз силерге сонун кылып жазгыла деп бердик, эгер концепциядан чыга албасаңар депутаттар деле иштеп чыкпайт белек", — деди Рыспаев.

Бөрүбашев президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыгында "долбоордун концепциясын толуктап иштеп чыксын" деген пункту бар экенин, ал эми өзгөртүү тууралуу жазылбаганын айтты. Ошондой эле ал эки палаталуу парламент түзүү сунушу көтөрүлүп, бирок кеңешме чечүүчү күч болбогондон кийин аны кабыл алабаганын мисал келтирди.

Мындан улам депутат баш мыйзамды шашпай кайра башынан жазып чыгууну сунуштады.

"Бизге "Конституциялык кеңешме жазып келген долбоорго сунушуңар кирбей калышы ыктымал, силер жөн гана референдумга алып чыгып бересиңер" деп айтып жатышат. Ал эми силер депутаттардын концепциясынан чыга албай койдук деп атасыңар. Ушунча болуптур анда элдин мүдөөсүн, оюн камтып, татыканакай кылып кайра башынан жазалы. Бизден силер чыга албасаңар, силердикинен биз чыга албасак. Шашпай бышырып туруп алып чыгалы. Каякка шашып баратабыз", — деди Рыспаев.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости