www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын сайтын бузууга аракет кылган жарандын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк) жана 305-беренеси (Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталган.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, 1974-жылы туулган «К.Б.Т» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экендиги аныкталды, анын техникалык аппараттарында көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге анын катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер табылды.

Белгилей кетүүчү жагдай, ушул беренелерге ылайык, эсептик көрсөткүчтөрдүн 1800дөн 3000ге чейинки өлчөмүндө айып пул же болбосо 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости