www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Москвада 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын алтын медалынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат катчысы билдирди.

Жолугушууда тараптар өлкөдөгү дене тарбия жана спорттун бүгүнкү абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу талкуулады.

«Ар бир адам спорттун чексиз экендигин жана өзүнүн жаратмандык күчү аркылуу дүйнөдөгү миллиондогон адамдарды бириктирип тураарын түшүнөт. Дене тарбияны жана профессионалдык спортту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, биз, өзгөчө, өсүп келе жаткан муун арасында спортту массалык түрдө жайылтуу, дүйнөлүк деңгээлге чыгууга жөндөмдүү таланттуу спортчуларды колдоого алуу маселесине тийиштүү көңүл буруубуз зарыл. Бул багытта эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен спортчуларды даярдоо тутумун мындан ары өркүндөтүү зарыл», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Каныбек Осмоналиевди Москва шаарындагы XXII Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңип алгандыгына 40 жыл толушу менен куттуктады.

«Сизге өлкөбүздүн даңкын алыска чыгарган жеңишиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин жеңишиңиздин юбилейи өткөн жылы өттү, бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул сыймыктуу окуя менен сизди жеке куттуктай алган жокпуз. Бул вазийпа мага туш келгендигине кубанычтамын. Андан бери карай 40 жыл өтсө дагы биз ал жеңиш менен сыймыктанып, сизди жаш муундарга үлгү катары коюп келе жатабыз. Сиз кезинде учурда ийгиликти багынтып жаткан чыгаан спортчуларыбыздын сыймыгы болгонсуз», - деди Улукбек Марипов.

Каныбек Осмоналиев Өкмөт башчыга ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу жеке ал үчүн гана эмес, ар кыл спорттук иш-чараларда өлкөнүн намысын коргоп келген жана коргой турчу жалпы спортчулар үчүн маанилүү болуп саналарын белгиледи. 

«Биз үчүн көңүл бурганыңыздар абдан манилүү. Канча жылдар өтсө дагы ал жеңиш элибиздин эсинде экендиги кубандырат. Бүгүнкү күндө биз, кыргыз спортунун ардагерлери, жаштар менен көбүрөөк иш алып барып, алар менен өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, насаатыбызды айтууга аракет кылуудабыз», - деди Каныбек Осмоналиев. 

Өкмөт башчы Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди энчилүү сааты менен сыйлап, көп томдуу «Кыргыздар» китебин белекке тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости